Издөөдө жүргөн чет элдик жаранга мыйзамсыз паспорт берген шектүү кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 30-декабрында Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 217-беренеси (финансылык инвестициялык пирамиданы түзүү жана башкаруу) боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн 1985-жылы туулган чет элдик О.А., Бишкек шаарынан кармалган. Сырттан камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.
Кармалган жаран 2000-жылы каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз алып, бир нече жолу колдонгону аныкталган.
Казакстандын укук коргоо органдарынан жашырынып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүп, каттоочу органдын кызматкерлери ага республикада андан ары легалдаштырууга көмөк көрсөтүшкөн.
«Мындан тышкары, ал баңги затын сактагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 150 миң сом айыпка жыгылды», - деп белгилешти ШИИБден.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 347-беренесинин (паспортту мыйзамсыз берүү) негизинде кылмыш иши козголду.
Паспортту мыйзамсыз берүүгө шектелип, Бишкек шаарынын Октябрь райондук калкты каттоо бөлүмүнүн паспорт, виза жана каттоо иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси 1981-жылы туулган К.А., кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн