Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун шериктеши кармалды

Издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун шериктеши кармалды

 Издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун шериктеши кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.


Белгилүү болгондой, УКМК органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан антитеррордук иш-чаралардын алкагында, 2023-жылдын 15-февралында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан, эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) издөөдө жүргөн шериги - Сузак районунун 1976-жылы туулган Р.К.А. кармалды.


  КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин 3-бөлүгү, 30-беренесинин 6-бөлүгү, 27-226-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту жана 3-бөлүгү менен мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, кармалган Р.К.А. ЭТУнун мүчөлөрүнө Калашников (АК-74) жана гранатомет саткандыгы аныкталды. Ал куралдар менен кийинчерек Бишкек шаарынын аймагында террордук актыларды уюштуруу пландалган, бирок ал каражаттар өз убагында КР УКМК тарабынан жок кылынган. 


 Кармалган Р.К.А. КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, анын ЭТУ менен шериктештикке катыштыгы бар башка фактыларды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн