Израиль коронавирустун жаңы түрү жайылып кетпеши үчүн 26-январдан 31-январга чейин эл аралык аба каттамдарын токтотот. Бул тууралуу Борбордук Азия жазып чыкты.
"Биз бүткүл дүйнөдөн алдыдабыз. Биз жасай турган нерсени бир дагы эл жасаган жок . Биз өлкөгө герметикалык мөөр басабыз”, - деди Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өкмөттүк жыйында.
Белгилүү болгондой, Израилде массалык эмдөө былтыр 20-декабрда башталган. Дары-дармектердин экинчи дозасы 2021-жылдын 10-январында колдонула баштаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн