Израиль менен Палестинанын Газа сектору ок атпоо келишимине жетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалым болгондой, ок атпоо боюнча келишим Египеттин ортомчулугу менен жетишилген.
Келишимге ылайык, 21-майда саат 02:00дөн тарта эки тарап да ок чыгарбоого тийиш.
Эске салсак, Рамазан айы боюнча Израиль аскерлери Аль-Акса мечитинде таравих намазын окуган жаштарга кысым көрсөтүп акыркы окуясында мечиттин ичинде жаштарды аткылаган. Буга жооп катары Газа секторунан Израилге ок чыгарылган.
Дээрлик 10 күндөн бери Израиль менен Газа секторунун согушу бүтө элек болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн