Бугу 07, 2024
Убакыт: 07:23
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Израилде массалык нааразылык жараткан сот реформасы кийинкиге жылдырылды

28.03.2023 10:23
469
Израилде массалык нааразылык жараткан сот реформасы кийинкиге жылдырылды

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху талаштуу сот реформасы боюнча мыйзам долбоорунун экинчи жана үчүнчү окуусун парламенттин кийинки жыйынына жылдырууну чечти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.


"Улуттун бөлүнүшүнө жол бербөө максатында мен кеңири консенсуска жетүү үчүн экинчи жана үчүнчү окууларды кийинкиге калтырууну чечтим", - деди ал.


Израилде нааразылык акциялары үч айдан бери басыла элек. Жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү он миңдеген израилдик тургундар Кнессеттин имаратынын жанына чогулушту.

Реформага каршы нааразылык иретинде өлкөдө жалпы иш таштоо жарыяланды, ага транспорт кызматкерлери, дарыгерлер, мамлекеттик кызматкерлер, банк жана жеке ишканалардын кызматкерлери кошулду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн