Кыргызстандын 11 жараны Израилден эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарандардын коопсуздугун жана укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында жана келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Түркия, Казакстан жана Сауд Араб Падышачылыгындагы элчиликтери, ошондой эле Герцлия (Израиль) жана Шымкент (Казакстан) шаарлаындагы Ардактуу консулдуктары менен тыгыз байланышта жогорку тобокелдиктеги аймактардан мекендештерди эвакуациялоо боюнча ыкчам чаралардын комплекси ишке ашырылды.
Координацияланган аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын 11 жараны Израилден Египетке ийгиликтүү эвакуацияланып, ал жактан Шымкент шаарына (Казакстан) аман-эсен жетип, андан кийин Кыргызстанга жеткирилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн