Армиянын басма сөз кызматы шаршемби күнү Газа тилкесинде куткаруучу тик учактын кулашынан кеминде эки израилдик аскер өлүп, жетөө жарадар болгонун билдирди.
«Түн ичинде жарадар болгон аскерди ооруканага эвакуациялоо миссиясын аткарып жаткан Израилдин Аскердик Аба күчтөрүнө таандык «Яншуф» тик учагы Газа тилкесиндеги Рафах аймагына конуу учурунда кырсыкка учурап, Израилдин Коргоо күчтөрүнүн жоокери набыт болуп, дагы жети аскер ар кандай даражадагы жаракат алып, медициналык жардам алуу үчүн ооруканага эвакуацияланды», — деп айтылат армиянын билдирүүсүндө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн