2021-жылдын 17-мартында, Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчиси Динара Кемелова вице-президент Ли Джонг Жин баштаган K-Water Корей Суу корпорациясынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи Кемелова Кыргызстан гидроэнергетика, суу менен камсыздоо жаатында, айрыкча, “Таза-Суу” программасынын, ирригация жана башка тармактардын алкагында Корея менен кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.
Өз кезегинде вице-президент аталган корпорация учурда Кыргызстандын потенциалын жана жогоруда аталган багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыттарын изилдеп жаткандыгын билдирди.
Ошондой эле тараптар айыл жеринде суу менен камсыздоо кызматтарынын потенциалын жогорулатуу боюнча жол картасын иштеп чыгуучу Билим бөлүштүрүү Программасынын (KSP) гранттык долбоорун, ошондой эле K-City долбоору – “Акылдуу шаарды” пландаштыруу программасын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн