Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 12:05
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

К.Асанов башаламандык учурунда жаракат алган кызматкерлерден кабар алды

08.10.2020 13:16
563
К.Асанов башаламандык учурунда жаракат алган кызматкерлерден кабар алды


Бүгүн, 8-октябрда ички иштер министринин милдетин аткаруучу, Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов ИИМдин бейтапканасына барып, 4-5-октябрь күндөрү өткөн митинг учурунда жарадар болгон кызматкерлердин акыбалынан кабар алып, ар бири менен сүйлөшүп, ИИМдин жетекчилиги керектүү жардам бере тургандыгын билдирди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, ал адегенде ИИМдин бейтапканасында жаткан кызматкерлер менен жолугушуу учурунда Курсан Асанов алардын бат сакайып кетишин каалады. Ошондой эле, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча түздөн-түз кызматтык милдеттерине аткаруу үчүн тез арада сакайып, жолдошторунун катарына кошулушуна тилектеш экендигин билдирди. 


Андан соң, бейтаптардын саламаттыгы жөнүндө  маалымат алуу үчүн дарыгерлер менен жолукту. Дарыгерлердин айтымында, кызматтык милдеттерин аткаруу чурунда ар кандай оорлуктагы жаракат  болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна учурда коркунучтар жаралган жок. 


Жарадар болгон милиция кызматкерлеринин абалы учурда туруктуу, бардык тиешелүү жардамдарды алууда. Дары-дармектер тишелүү деңгээлде жетиштүү. Зарыл болгон дарылоо курсун алган соң алар кызмат өтөөгө чыгышат”,-деп дарыгерлер билдиришти.


Андан соң Курсан Асанов Бишкек шаарындагы №4 ооруканада болуп ал жерде жабырланган милиция кызматкерлеринин абалы менен жакындан таанышып, ден соолугун сурап, бардык керектүү медициналык жардам бериле тургандыгын белгиледи.


Травматология  жана ортопедиялык илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков, Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Калыс Шадыхановдор жабыр тарткан милиция кызматкерлерине ар тараптуу жардам көрсөтүлө тургандыгын билдирди.


Учурда ИИМдин бейтапканасында 52, башка ооруканаларда 38 кызматкер андан сырткары  амбулатордук режимде да бир катар кызматкерлер дарыланууда. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн