Бугу 17, 2024
Убакыт: 22:13
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

К.Боронов Чүй облусунда курулуп жана оңдолуп жаткан ооруканаларда болду

12.08.2020 15:47
1137
К.Боронов Чүй облусунда курулуп жана оңдолуп жаткан ооруканаларда болду


Ар бир курулган жана ремонттолгон медициналык мекемелер бейтаптар үчүн ыңгайлуу болушу шарт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Чүй облусуна жасаган жумушчу сапары учурунда билдирди.


Өкмөт башчы Токмок шаарындагы 250 адамга эсептелген оорукананын имараты менен таанышты. Мында башталган оңдоо иштери 2020-жылдын август айынын соңунда бүткөрүлөт.


«Коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөш алкагында пайдаланудан чыккан айрым облустук ооруканаларда капиталдык ремонт өткөрүү чечими кабыл алынган. Мындан тышкары, Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында тез курулуучу материалдардан эксперименталдык ооруканалар курулууда. Бардык иштерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүү керек. Мында негизги талап катары ооруканалардын ыңгайлуулугу болуп саналат. Бардык зарыл эсептелген күтүү залы, кабыл алуу блоктору, реанимация, палаталар жана башка бөлүмдөр каралышы керек, медициналык көмөккө кайрылган жарандарга бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүшү шарт», -   деди Кубатбек Боронов. 


Өкмөт башчы ошондой эле Ысык-Ата районунун Кеңеш айылындагы жаңы фельдшердик-акушердик пунктту көрүп чыкты. Имарат алдыңкы техника менен жабдылган. Мында 1 дарыгер жана 2 медайым эмгектенип, күнүнө 30 жакын жергиликтүү калкты кабыл алат. Кубатбек Боронов аларга пандемия учурунда активдүү иш алып баргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, фельдшердик-акушердик пункттардын кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу маселеси каралып жаткандыгын билдирди.


Андан соң премьер-министр Орловка шаарындагы Жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун имаратындагы капиталдык ремонттун жүрүшү менен таанышты, мында иштерди үч жумадан соң жыйынтыктоо пландаштырылууда. Өкмөт башчы тийиштүү ведомстволорго оорукананы зарыл жабдуулар жана тез жардам унаасы менен камсыздоону жана жылытуу маселесин чечип берүүнү тапшырды.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн