Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 22:36
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

К.Боронов: Ооруканаларга тез арада борборлоштурулган кычкылтек киргизүү зарыл

19.07.2020 13:33
945
К.Боронов: Ооруканаларга тез арада борборлоштурулган кычкылтек киргизүү зарыл

Күндүзгү жана түнкү стационарларга, ооруканаларга борборлоштурулган кычкылтек киргизүү иштерин максималдуу түрдө тез арада жүзөгө ашыруу керек. Мындай тапшырманы тармактык мамлекеттик органдарга премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында  берди. 

«Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги  борборлоштурулган кычкылтек киргизүү үчүн өлкө аймагындагы ооруканаларга ревизия жасап, схемасын  түзүү керек. Ушундай эле иштерди Бишкек шаардык мэриясы да жүргүзүүсү зарыл. Өзгөчө реанимациялык бөлүм ачылган медициналык мекемелерге тез арада кычкылтек киргизүү зарыл», - деди өкмөт башчы. 

Муну менен катар ооруканалар жана стационарларды кычкылтек менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн Жалал-Абад облусундагы «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧКсынын өндүрүш көлөмүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасы берилди. 

«Заводдон өндүрүлгөн кычкылтекти ташууда коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурулсун. Аймактарга жеткирүү шарттары комплекстүү түрдө каралууга тийиш», - деп кошумчалады Кубатбек Боронов.

Жыйындын жүрүшүндө ооруканалардын реанимациялык блокторун электр энергиясынын альтернативдүү булагын түзүү - генераторлорду орнотуу ишин күчөтүү тапшырмасы берилди. 

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигине медицина кызматкерлерин сапаты жогору болгон жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылууну катуу көзөмөлгө алуу милдеттендирилди. 

Тармактык мамлекеттик органдарга медициналык каражаттар менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана алардын запасын түзүү боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн