Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:33
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Боронов Жогорку Кеңештин жыйынынан вице-премьерлерди бошотууну суранды

15.04.2020 14:56
1074
Боронов Жогорку Кеңештин жыйынынан вице-премьерлерди бошотууну суранды


Биринчи вице-премьер-министр, республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин бүгүн, 15-апрелдеги жыйынында депутаттардан өкмөттүн жетекчилерин жыйындан бошотууну суранды.


Биз кечээтен бери парламентке келип, жыйындарда кечке чейин отуруп жатабыз. Бул жерде үч вице-премьер-министр тең отурабыз. Азыр жасай турган жумуштарыбыз абдан көп. Ошондуктан кете берүүгө уруксат берүүнүздөрдү өтүнөбүз”, - деди Боронов.


Ал эми буга чейин депутат Исхак Масалиев өкмөт башчы Мухаммедкалый Абыдгазиевдин өзү келиши керектигин билдирген.


Белгилей кетсек, кечээ, 14-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупция менен каршы күрөшүү комитети менен Эл аралык иштер боюнча комитети биргелешкен жыйын өткөрүп, анда коронавируска каршы аракеттер боюнча өкмөттүн отчёту угулуп, К.Боронов баштаган республикалык штабдын мүчөлөрү маалымат берген болчу.

Бүгүн, 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында да К.Боронов баш болуп, вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев менен Аида Исмаилова жана саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Бишкек шаарынын коменданты катышууда.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн