Бугу 02, 2024
Убакыт: 21:28
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Боронов милиция кызматкерлерине качан маяна төлөнөрүн айтты

16.06.2020 12:04
974
Боронов милиция кызматкерлерине качан маяна төлөнөрүн айтты


Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында депутат Рыскелди Момбеков премьер-министрликке сунушталып жаткан Кубатбек Бороновдон милиция кызматкерлерине жана ак халатчандарга качан маяна төлөнөрүн сурады. 


К.Бороновдун айтымында, медицина жаатында иштеген бардык кызматкерлерге каржы министрлиги тарабынан май айына чейинки төлөмдөр төлөндү. 


"Ак халатчандар кылган ишине жараша 39 миң сомдон 49 миң сомго чейин төлөп берип жатышат. Ал эми ИИМдин, Чек ара кызматынын жана ӨКМдин кызматкерлерине кошумча төлөм төлөп берүү методикасы иштелип чыкпаптыр. Учурда ошону иштеп бүтүп калышты. Аларга каралган атайын каражат бар. Бир жуманын ичинде төлөнүп башталат", - деди К.Боронов. 


Ал эми финансы министри Бактыгүл Жээнбаева дарыгерлерге 700 млн сом жана милиция кызматкерлерине 440 млн сом керек экенин кошумчалады. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн