Бугу 16, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

К.Боронов Бишкектеги жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасынын курулушу менен таанышты

10.09.2020 17:31
1005
К.Боронов Бишкектеги жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасынын курулушу менен таанышты

Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, өкмөт башчы COVID-19 пандемиясы саламаттык сактоо тутумундагы кемчиликтерди аныктоо менен жарандардын турмушуна жана өкмөттүң ишине белгилүү бир өзгөртүүлөрдү киргизгенин белгиледи. 

«Түзүлгөн кырдаалды эске алганда, республикадагы медициналык мекемелерде орундардын жетишсиздиги курч маселе болуп турат. Буга байланыштуу бардык аймактарда ооруканалардын иштебей турган имараттарын оңдоо жана реконструкциялоо боюнча иштер жүрүүдө, ал эми Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында жаңы ооруканаларды куруу иштери жүрүүдө. Саламаттык сактоо мекемелерин долбоорлоодо медицина тармагындагы адистердин пикири эске алынды», – деди премьер-министр.

Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү курулуш иштери белгиленген мөөнөткө ылайык жүрүп жатканын айтышты. 

Премьер-министр оорукананын үч бөлүмүн – жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүн, кош типтүү палаталары боло турган бөлүмдөрдү көрүп чыкты.  

Долбоорлоо жана курулуш иштери жайкысын салкын, кышкысын жылуу боло тургандай атайын эсептөөлөргө ылайык жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары оорукананын коридорунан адамдар бири-бири менен байланышта болбош үчүн ар бир палатадан өзүнчө чыга турган жол болот. Жаңы ооруканада интенсивдүү терапия жана жандандыруу бөлүмдөрү да каралды. Дарылоо жүргүзүлө турган бардык палаталар жана бөлмөлөр керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалып, санитардык-эпидемиологиялык нормаларга жооп берет. 

«Бүгүнкү күндө республика заманбап жабдылган жаңы инфекциялык ооруканага, иштеп жаткан мекемелерди реконструкциялоого муктаж. Медициналык адистердин коронавирус инфекциясынын экинчи толкунунун ыктымалдыгы тууралуу божомолун эске алуу менен Өкмөт тарабынан курулуштагы тез тургузулуучу ыкмаларды пайдалануу чечими кабыл алынды. Бул ыкма медициналык мекемелердин жаңы имараттарын кыска мөөнөттө курууга мүмкүндүк берет. Бул өзгөчө маанидеги объект, финансылык каражаттарды бөлүү боюнча маселе жаралбашы керек», – деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн