Коронавирус илдетине байланыштуу Кыргыз футбол союзу спорт сүйүүчүлөрүн футбол беттештерине барбоого чакырат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз футбол союзунун алкагында пландалган иш-чаралар өз убагында өткөрүлөт. 2020-жылдагы футбол сезону жаңы башталгандыгына байланыштуу мелдештерди өткөрбөй туруу түйшүк жаратары айтылат.
Бул кырдаалга байланыштуу коронавирусту алдын-алуу жана анын жаралуусуна мүмкүндүк бербөө, эл арасында жайылтпоо максатында Кыргыз футбол союзу спорт сүйүүчүлөрүн футбол беттештерине барбоого чакырат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн