Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 15:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

К.Иманалиев: ЕврАзЭСтин эмес, улуттук кызыкчылыкты колдогон мыйзам керек

01.04.2020 13:47
926
К.Иманалиев: ЕврАзЭСтин эмес, улуттук кызыкчылыкты колдогон мыйзам керек


Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев өкмөттүн айрым структуралары кыргыз элинин эмес, чет мамлекеттик ишкерлерди колдогон мыйзамдарды иштеп жатат, деп нааразы болду.


Депутат мындай пикирди бүгүн, 1-апрелде парламенттин кезексиз жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жеңилбес күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорунун карап жатканда билдирди.


К.Иманалиевдин айтымында, бул мыйзам ЕврАзЭС мамлекеттерине пайда алып келет, бирок Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына эч кандай пайдасы жок. Болгону чоң бизмен менен чакан бизнестин ортосундагы структура өзгөрөт экен. “Казакстан менен Россияны көрүп жатасыздар, алар ички рыногун кантип коргоп жатышат. А сиздер кайра бөлөк өлкөнүн товарын бизге киргизүүнү көздөгөн мыйзамды алып келип жатасыздар”, - деп кайрылды экономика министринин орун басары Санжар Муканбетовго.


Ошондой эле, демилгечилерге ушундай кырдаалда элдин кызыкчылыгын, жергиликтүү бизнес чөйрөсүнүн кызыкчылыгын колдогон, бюджетке пайда алып келүүчү мыйзам керектигин айтты.

 

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн