Бугу 21, 2024
Убакыт: 00:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Замирбек Аскаров Алайда жер көчкүдөн кооптонуп, чатырда жашап жаткандардан кабар алды (фото)

11.05.2020 09:04
1114
Замирбек Аскаров Алайда жер көчкүдөн кооптонуп, чатырда жашап жаткандардан кабар алды (фото)


Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров кечээ, 10-майда Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Алай районуна барды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдады.


Алгач Алай районунун Гүлчө айыл аймагынын Таш-Коро айылындагы жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашаган жарандарды убактылуу коопсуз жайга көчүрүү максатында уюштурулган чатыр шаарчасында жашаган үй-бүлөлөр менен жолугушуп, аларга түзүлгөн шарттар менен жеринде таанышкан.


Андан соң Гүлчө айыл аймагынын Гүлчө дарыясынын оң жээгине 470 метр аралыка дамба куруу маселеси каралып, айыл аймактын башчысына аталган объектинин долбоорунун даярдоо жүктөлүп, андан ары иш алып баруу ӨКМнын тийиштүү жетекчилерине тапшырылган.


Соңунда Бүлөлү айыл өкмөтүнүн Кичи-Бүлөлү айылындагы Гулек участкасындагы жер көчкүнү көрүп, тийиштүү жетекчилерге алдын алуу иш-чараларын аткарууга алууну тапшырган.


Министрдин андан ары иш сапары Ош облусунун Чоң-Алай районунда уланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн