Селдин кесепетинен Бишкек – Ош унаа жолу убактылуу жабылды.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июнда аталган унаа жолдун 374-375-чакырымында катуу жамгырдан улам сел жүрүп, 6 аймактан таштар кулап, жолду эки тараптуу жаап калган.
ӨКМ мындан улам жарандарды 23-24-июнь күндөрү сапарга чыкпай турууну эскертет.
Учурда жерине 10 куткаруучу, 5 оор инженердик техника тартылып, тазалоо иштери башталды.
Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн