Бүгүн, 29-январь күнү Абдрахманов менен Абдумомунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Хаятт» мейманканасынын маңдайындагы «Шахта» барында өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.
ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө саат 08:17де Свердлов райондук №3 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм жөнөтүлүп, саат 08:29да дагы бир бөлүм жөнөтүлүп, жалпысынан 2 өрт өчүрүү бригадасы, ошондой эле штаб тартылган.
Өрт саат 08:54тө толугу менен өчүрүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн