Аяк оона 24, 2024
Убакыт: 03:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

ӨКМ коронавирус менен күрөшүү иштерине салым кошкон кызматкерлерди сыйлады

08.09.2020 10:16
950
ӨКМ коронавирус менен күрөшүү иштерине салым кошкон кызматкерлерди сыйлады


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 7-сентябрда коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү иштерине салым кошкон кызматкерлер сыйланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, ӨКМдин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин бир катар кызматкерлери министрликтин Ардак грамотасы, "Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы үчүн”, “Аскердик - жарандык кызматташтыкты чындагандыгы үчүн” төш белгилери менен сыйланышты. Сыйлыктарды өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров тапшырды.


Замирбек Аскаров өз кезегинде коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюууда күнү-түнү иш алып барган министрликтин баардык кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн