Бугу 04, 2024
Убакыт: 10:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

ӨКМ: Ош облусунда өспүрүм чагылгандан каза болду

23.04.2024 14:24
525
ӨКМ: Ош облусунда өспүрүм чагылгандан каза болду


Ош облусунда өспүрүм чагылгандан каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын орун басары Урматбек Шамырканов брифингде билдирди.


Ал белгилегендей, Ош облусунда табигый кырсыктын кесепетинен эки адам каза болгон. Буга чейин селден бир адам каза болгон.


«Ошондой эле Кара-Суу районундагы айылдардын биринде өспүрүмгө чагылган түшкөн. Ал ооруканага жеткирилген, бирок аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес», - деди ал.


Белгилей кетсек, 20-апрелден бери Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында 46 жолу сел жүргөн. Ош, Жалал-Абад (Ноокен району) жана Талас облустарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн