Теке 05, 2024
Убакыт: 12:54
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

ӨКМ «Семетей» госпитализациясында жабдуулар сыртка ташылып жатат деген маалыматты төгүндөдү

17.07.2020 08:26
1059
ӨКМ «Семетей» госпитализациясында жабдуулар сыртка ташылып жатат деген маалыматты төгүндөдү


Социалдык тармактар аркылуу «Семетей» госпитализация пунктундагы медициналык жабдууларды сыртка ташып чыгып жатышат деп жарыяланган видео материал чындыкка дал келбейт.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, видеодогу жүк ташуучу унаа кампадагы жабдыктарды «Семетей» госпитализация пунктунун реанимациялык бөлүмү жайгашкан имаратка ташып баратышкан.


Кампада СИПАП деген кошумча дем алдыруучу аппараттар болгон. ӨКМдин кызматкерлери жабдууларды текшерип көрүп, реанимациялык бөлүмгө орноштуруп беришкен. Учурда ошол аппараттарды медицина кызматкерлери колдонуп, жарандардын ден-соолугуна кам көрүп жатышат.


Андыктан өлкөбүздөгү кыйын кырдаалды эске алып, жапа тырмак илдет менен күрөшүүнүн ордуна, жумурткадан кыр издеген жарандарыбызга билип-билбей туура эмес маалымат таратпоону суранабыз, - деп кошумчалады министрлик.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн