Бугу 07, 2024
Убакыт: 00:27
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

ӨКМ: Жалпы 136 миңден ашуун жаран эвакуацияланып, 315 тонна гумжардам жеткирилди

18.09.2022 19:39
505
ӨКМ: Жалпы 136 миңден ашуун жаран эвакуацияланып, 315 тонна гумжардам жеткирилди


Азыркы учурда жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Баткен облусу боюнча жалпы 47 убактылуу кабыл алуу жайлары (ПВР) ачылган.


Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынан 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган. 


Учурда Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун, даярдалган. 18-сентябрга карата 392 жаран жайгашкан.   

             

Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 315 тонна гумжардам жеткирилип, анын ичинен 81 тонна КР ӨКМ тарабынан жеткирилип, 179 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 54,5 тонна  гуманитардык жардам турат.


Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 39 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп (635 тонна) Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүлдү.


Республикабыздын бардык аймактарында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:


- Ош облусунда – 44;

- Жалал-Абад облусунда– 12;

- Нарын облусунда – 6;

- Ысык-Көл облусунда – 69;

- Талас облусунда – 43;

- Чүй облусунда – 12;

- Ош шаарында –1;

- Бишкек шаарында – 1. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн