Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 2синен 4-февралга чейин түзүлгөн метеорологиялык кырдаалага байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Кар көчкү түшүү коркунучу Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260 чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу) сакталат.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн