Кулжа 29, 2024
Убакыт: 08:09
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.960
1.040

ӨКМ кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктургандар жок (фото)

01.05.2020 18:01
1089
ӨКМ кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктургандар жок (фото)

 

Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коронавирус илдетине чалдыккан кызматкерлер жок. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, учурда куткаруучулар обсервацияларда шарттарды түзүп, илдетти жуктургандарга күнүгө 3 маал ысык тамак-аш берүүнү камсыздап жана өлкөнүн аймагында дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө.


Ошондой эле, санитардык-карантиндик блок-посттордо иш алып барып жана гуманитардык жардамдарды жеткирүүдө.


Ал эми кызматкерлер 2862 даана коргоочу костюм, 347 даана плашь, 3 447 беткап, 1 190 колкап, 1 712 көз айнек, 2 132 резина өтүк жана 300 комплект антисептиктер менен камсыз болушканын билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн