Тогуздун айы 12, 2024
Убакыт: 18:24
USD
85.35
85.85
EUR
92.80
93.80
RUB
0.880
0.925

ӨКМ климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу V илимий-практикалык конференция өткөрдү

12.10.2024 16:22
22
ӨКМ климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу V илимий-практикалык конференция өткөрдү


Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ, 11-октябрда Бишкекте “Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кырсыктардын коркунучун азайтуу” темасында V илимий-практикалык конференция өткөрдү.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул иш-чара өлкөбүздө жыл сайын белгиленип келген Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө жана “Климат жумалыгына” арналып, ага ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев, министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, КР өзгөчө кырдаалдардын жана табигый-техногендик кырсыктардын алдын алуу боюнча тыгыз кызматташтыкта иш алып барган ЕККУнун, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ПРООН) жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты, ошондой эле КР Президентинин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Д.Кемелова онланй катышты.

Генерал-майор Бообек Ажикеев бүгүнкү күндүн эң актуалдуу темасы – кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселесин талкуулоого катышкан бардык тараптарга ыраазычылык билдирип, бул көйгөйлөр учурдун болуп көрбөгөндөй курч жана дүйнөдөгү миллиондогон элдин жашоосун козгоп жаткан маселелерден экенин айтып өттү.

“Өзгөчө Кыргызстанда быйылкы 2024-жыл жаратылыш апааттары өтө көп санда катталган оор жыл болду, анын кесепетинен 22 адамдын өмүрү кыйылып, 2465 адамды эвакуацияладык. 84 социалдык объектини жана 5354 турак жайды сел суулары каптап, ошондой эле 135 автоунаанын, 80 көпүрөнүн кыйроосуна алып келди. Мындан улам келтирилген материалдык чыгым 1 млрд 255 млн сомдон ашты”, - деди министр.

Ал климаттык өзгөрүүгө жана кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту күчөтүү КР Министрлер кабинетинин маанилүү приоритеттеринин бири экенин баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жана болтурбоо аракеттерине колдоо көрсөтүп, биздин келечекти коргоп калууга ыкчам чара көрүү үчүн бирге кызматташкан эл аралык коомчулукка ыраазычылык айтып, мындан ары да экологияны коргоого багытталган пландарды жана долбоорлорду чогуу жүзөөгө ашырууга КР ӨКМи даяр экенин кошумчалап, бүгүнкү конференция мына ушул артыкчылыктарга түрткү боло аларына ишеним артты.

Андан соң ЕККУ жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрүнө сөз берилип, министр Бообек Ажикеев көтөргөн маселелерди кубаттарын, ошону менен бирге Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда кандай абал болбосун шериктештик мамилелерди уланта берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Иш-чаранын соңунда бир айлыктын алкагында жарыяланган аймактарда кырсыктардын тобокелдигин жоюу боюнча өз учурунда иш алып барып, ыкчам чара көргөн ӨКМдин облустардагы башкармалыктар арасындагы сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

Ага ылайык I орунду Ысык-Көл, II орунду Жалал-Абад, ал эми III орунду Чүй облустук башкармалыктары камсыз кылып, жетекчилерине баалуу белектер ыйгарылды.

Министр оор кырдаалдарда элдин социалдык коопсуздугун калыбына келтирүүгө өзгөчө салым кошуп, милдеттерин так аткарган башкармалык башчыларына өз каалоолорун билдирип кетти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн