Теке 08, 2024
Убакыт: 05:52
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

ӨКМ нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу айрым райондордо сел жүрүү коркуну бар экенин эскертет

05.07.2024 10:00
117
ӨКМ нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу айрым райондордо сел жүрүү коркуну бар экенин эскертет


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстан боюнча 5-6-7-июль күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу айрым райондордо сел жүрүү жана унаа жолдорунда таш кулоо коркунучу бар экенин эскертет.


Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти сел жүрүшү мүмкүн болгон жерлерди тизмектеди:

- Баткен облусу: Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондору;

- Ош аймагы: Ноокат, Алай жана Чоң-Алай райондору;

- Ысык-Көл региону: Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондору;

- Чүй жергеси: Панфилов, Жайыл жана Кемин райондору;

- Нарын облусу: Жумгал, Кочкор жана Нарын райондору.

- Мындан тышкары, таш кулоо коркунучу бар жолдор аталды:

- Бишкек — Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;

- Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;

- Бишкек — Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-чакырымында;

- Балыкчы — Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымында;

- Талды-Суу — Арал унаа жолунун 4-5-чакырымында;

- Ош — Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдары.


ӨКМ элди сак болууга чакырып, өзгөчө кырдаалга күбө болгон учурда 112 номерине кабарлап коюуну өтүнөт. Чалуу күнү-түнү акысыз.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн