Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:33
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

ӨКМ сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар аймактардын картасын жарыялады

15.08.2024 10:42
433
ӨКМ сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар аймактардын картасын жарыялады


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар аймактардын картасын жарыялады.

Маалыматка ылайык, 15-16-август күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачын жаашы күтүлөт.

ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдарына ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча төмөнкү райондордо сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо процесстердин активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн:

- Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда;

- Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Аксы, Токтогул, Ноокен, Тогуз-Тороо райондорунда;

- Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, жана Кара-Суу райондорунда, Ош шаарында;

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда;

- Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Сокулук, Москва, Панфилов жана Кемин райондорунда;

- Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондорунда;

- Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондорунда.

Ошондой эле республиканын унаа жолдоруна кооптуу болгон сел жана таш кулоо участкаларында, айрыкча:

-​ Бишкек-Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында;

-​ Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;

-​ Бишкек-Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128 чакырымдарында;

-​ Балыкчы-Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117 чакырымдарында;

-​ Талды-Суу-Арал унаа жолунун 4-5 чакырымдарында;

-​ Ош-Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190 чакырымдарында;

- Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымындарында;

- Кербен-Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 чакырымындарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.

ӨКМ жарандарды жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жергиликтүү ӨКМ органдарына кайрылууну өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн