Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери карылар жана балдар үйүнө жардам көргөздү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы " Сел жана суу ташкындарынан коргоо" агенттигинин кызматкерлери өздөрү акча топтоп ага керектүү буюмдарды сатып алып, Ош шаарында жайгашкан "Карыялар жана Балдар боорукерлик" үйүнө жана "Бөбөктөр" үйүнө алып барып беришкен. Анын ичинде күнүмдүк керектелүүчү буюм-тайымдан тартып дары-дармекке чейин камтылган. Ага баш-аягы 45 402 сом өлчөмүндөгү каражат коротулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн