Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 16:05
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

ӨКМ жер титирөөдөн жабыркаган имараттар тууралуу маалымат берди

07.10.2025 11:58
34
ӨКМ жер титирөөдөн жабыркаган имараттар тууралуу маалымат берди


6-октябрда Кыргызстандын аймагында катталган жер титирөөдөн 6 турак үй, 4 мектеп, 1 бала бакча жана 2 ФАПтын имараты жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 


Маалыматка ылайык, анын ичинде Чаткал районунун Башкы-Терек айылында 1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП, 3 турак үй, Коргон-Сай айылында 2 турак үй, Курулуш айылында 1 турак үй жана Чакмак-Суу айылында 1 ФАПтын имаратынын дубалында майда жаракалар пайда болгон. 


Ал эми Талас облусунун Айтматов районунда жер титирөөнүн кесепетинен Шекер айылында 1 мектеп жана Манас районунун Семетей айылында 1 мектеп (интернат), Жайылган айылында 1 мектептин имаратынын дубалынан майда жаракалар аныкталган. 


Жалпы 6 турак үй, 4 мектеп, 1 балдар бакча, 2 ФАПтын имараты жабыркаган. 


Жеринде жарандык коргонуу кызматтары ӨКМдин Жарандык коргонуу бөлүмүнүн адистери менен биргеликте иш алып барууда.


Белгилей кетсек, 6-октябрда КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, түнкү саат 02:29да Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн