Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:35
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ӨКМ жоокерин сабаган прапорщик эки айга камалды

16.06.2022 12:47
344
ӨКМ жоокерин сабаган прапорщик эки айга камалды

Аскердик кызматын өтөп жаткан жоокерди сабап, анын ден соолугуна олуттуу зыян келтирди деп шектелген аскер кызматкери эки айга камакка алынды. Бул тууралуу 16-июнда окуя болгон аскердик бөлүктүн командири Ырыспек Жолдошбаев “Азаттык” радиосуна  билдирген.


“Бекзат Эсенбековду сабады деген аскер кызматкери, прапорщик Төрөбай Жаныбек уулу эки айга камакка алынды. Азыр ал аскердик гауптвахтада жатат. Андан тышкары, аскердик бөлүктө мен атайын комиссия түзүп, кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Жыйынтыгында тийиштүү материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди”, - деди Жолдошбаев.


Жолдошбаев жабыркаган жоокердин бул аскердик бөлүктө ур-токмок дайыма болуп турары жөнүндө айткан сөзү тастыкталбаганын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн