Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

КМДБнын Борбордук Текшерүү комиссиясынын төрагасы Бактыбек Нурдинов кызматына киришти

30.06.2021 17:47
795
КМДБнын Борбордук Текшерүү комиссиясынын төрагасы Бактыбек Нурдинов кызматына киришти

Кыргызстан Мусулмандарынын Борбордук Текшерүү комиссиясынын төрагасы Бактыбек ажы Нурдинов өз ишин баштады  


Кыргызстан Мусулмандарынын 7 Курултайында бекилген Борбордук Текшерүү комиссиясынын төрагасы Бактыбек ажы Нурдинов өз ишин баштады. 


Кыргызстан Мусулмандарынын Борбордук Текшерүү комиссиясынын төрагасы Нурдинов Бактыбек Сарбагышовичтин өмүр таржымалы 


4-марта 1966-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок-Молдо айылында жарык дүйнөгө келген. 


БИЛИМИ: 


1988-1992-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун “Алгачкы аскердик даярдык жана дене тарбия” факультетин аяктаган. 


2014-2019-жылдары Кыргызстан Ислам Университетинин “Шариат” факультетин бүтүргөн.  


2017- 2019-жылдары Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтун (ISITO) информатика-экономист тармагында билимин жогорулаткан. 


ЭМГЕК ЖОЛУ: 


1986 -1988-жылдары Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында “сүрөтчү, декоратор”. 


1992-1995-жылдары Тоголок Молдо айылындагы Ленин атындагы орто мектебинде мугалим. 


1995-1996-жылдары Бишкек шаарындагы N67 орто мектеп-гимназиясында мугалим. 


2000-2003жылдары Кыргызстандын элинин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо комитетинде укук коргоочу. 


2003-2006-жылдары “Дил-Мүрөк” коомдук бирикмесинде директордун милдетин аткаруучу 

- ТСЖ (Жодар) бирикмесинде төрага

- Кыргыз Республикасында адеп-ахлактык жана билим берүүчү программаларды жайылтуу боюнча Ислам Демилгесинин Координатору 


2008-жылы Коомдук парламенттин мүчөсү.


2008-2010-жылдары Мусулмандардын укуктарын коргоо комитетинин төрагасы.


2010-жылы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын басма сөз катчысы.


2012-жылы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын “Ажылык-Умра” борборунун кеңешинин көзөмөлдөөчү мүчөсү. 


 2006- 2014 -жылдары Кыргызстан Мусулмандарынын Борбордук Азиядагы Конгрессинин мүчөсү . 


2014- 2016-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын раиси. 


2016-жылы “Сулуу-Төр” КБнын төрагасы


2017-2021-жылдары Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Борбордук Текшерүү комиссиясынын мүчөсү. 


СЫЙЛЫКТАРЫ: 


2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы.


2011-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын Ардак грамотасы


Үй-бүлөлү, 4 баланын атасы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн