Кулжа 06, 2025
Убакыт: 23:00
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.090
1.125

КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда бир катар документтерге кол коюлду

05.06.2025 16:25
50
КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда бир катар документтерге кол коюлду


Тажикстандын Душанбе шаарында өткөрүлгөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.


Документтердин тизмеси: 

  • Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүү жөнүндө; 
  • Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин ортосунда оор машина куруу тармактарын өнүктүрүүдө кызматташуу тууралуу Макулдашуу жөнүндө;
  • Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин ортосунда жеңил өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө; 
  • Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин аба кыймылын башкаруунун улуттук системаларын гармонизациялоо концепциясы жөнүндө;
  • Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин калкынын ден соолугун коргоо жаатындагы кызматташтыгынын концепциясы жөнүндө;
  • 1994-жылдын 9-декабрындагы жумушчулар жашаган өлкөдөн тышкары жерде болгон өндүрүштүк кырсыктарды иликтөөнүн тартиби жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколу жөнүндө; 
  • Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин ыктыярчыларынын форуму жөнүндө; 
  • 2030-жылга чейинки мезгилге КМШга мүчө-мамлекеттердин аймактар аралык жана чек ара кызматташтыгынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу; 
  • Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен (бириккен) байланыш системасынын уюштуруу-техникалык түзүмүн түзүүнүн, куруунун жана иштешинин принциптери жөнүндөгү Жобо тууралуу;
  • Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин мамлекеттик жана коомдук телерадиоберүү уюмдарынын жетекчилеринин кеңеши жөнүндө Жобо жаңы редакцияда; 
  • 2030-жылга чейин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Коргоо министрликтеринин радиациялык, химиялык жана биологиялык абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча бирдиктүү тутумун өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана иш-чаралары жөнүндө;
  • Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде туризмди өнүктүрүү үчүн” төш белгисин белгилөө жөнүндө; 
  • Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык сотунун судьяларынын реестрине киргизилген судьялардын ишин камсыз кылуунун тартиби жөнүндө; 
  • 2016-жылдын 16-сентябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык соту жөнүндө КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 2017-жылдын 26-майындагы чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу; 
  • Кадрларды дайындоо жөнүндө; 
  • “Уран казып алуудан жапа чеккен мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо” мамлекеттер аралык максаттуу программа жөнүндө; 
  • 2025-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын ишин финансылык жактан камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн