12-13-октябрда Бишкекте КМШ мамлекет башчыларынын саммити өтөт. Бул күндөрү кайсы көчөлөр тосуларын Мамлекеттик Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы билдирди.
Жолдордун төмөнкү тилкелери жабылат:
- «Манас» аэропортунан Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси боюнча Манас проспектисине чейин;
- Манас проспектиси жана Чыңгыз Айтматов проспектиси менен мамлекеттик резиденцияга чейин;
- Садырбаев көчөсү менен мамлекеттик резиденциядан Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин;
- Бишкектен Кантка айланма жолдун боюнда.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан маршрутун алдын ала пландап алууну суранат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн