Бугу 06, 2024
Убакыт: 15:20
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

КМШ өлкөлөрү арасында өтө турган спорттук мелдешке 150 спортчу жөнөп кетти

02.09.2021 11:30
739
КМШ өлкөлөрү арасында өтө турган спорттук мелдешке 150 спортчу жөнөп кетти

КМШ оюндарына курама команданы узатуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


31-август күнү Бишкек шаарында КМШ мамлекеттеринин арасында өтө турган Казань 2021, КМШ оюндарына Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасын узатуу иш-чарасы өттү. 


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Спорттогу жогорку жетишкендиктерди анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Марат Аскарбеков, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурланбек Исмаилов, аталган дирекциянын директорунун орун басары Алибек Ташматов катышты. 


Иш-чаранын жүрүшүндө КМШ оюндарына катыша турган курама команданын капитаны, эркин күрөш боюнча спорт чебери Атай Изабековго Кыргыз Республикасынын туусу тапшырылды.  


Белгилей кетсек, КМШ оюндары биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Мелдештер 4-11-сентябрь күндөрү, Казань (Орусия) шаарында өтмөкчү. Жалпы 16 спорттун түрүнөн 184 комплект медаль ойнотулат. Кыргызстандын атынан 13 спорттун түрүнөн, 150дөн ашык спортчу аталган мелдешке катышат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн