Бугу 03, 2024
Убакыт: 00:14
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

КМШ оюндары: Кыргызстандын кичи-футбол боюнча жаштар курамасы Беларустар менен тең чыкты

10.08.2023 09:09
727
КМШ оюндары: Кыргызстандын кичи-футбол боюнча жаштар курамасы Беларустар менен тең чыкты


Кыргызстандын кичи-футбол боюнча жаштар курама командасы (U19) Беларустун Минск шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында Беларустун командасы менен тең чыкты.

Мелдеш 1:1 эсебинде аяктады.

Биринчи таймдын акыркы минутасында Беларустун командасы эсепти ачып, биринчи голду киргизди. Ал эми экинчи таймдын акыркы секундаларында кыргыз футболчусу Нурсултан Салынбеков каршышалаштарынын дарбазасына топ тээп, эсепти 1:1ге теңеди.

Биринчи беттеште Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Россиянын командасына жеңилсе, экинчи оюнда Азербайжандын командасын 5:2 эсебинде утуп алган. Кыргыз футболчулары кийинки оюнун 12-августта Өзбекстандын командасына каршы өткөрөт. Ал эми 13-августта финалдык беттештер орун алмакчы.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4-августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн