Бугу 03, 2024
Убакыт: 07:22
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

КМШ оюндарына Кыргызстандан 200дөн ашык спортчу катышат

03.08.2023 09:49
691
КМШ оюндарына Кыргызстандан 200дөн ашык спортчу катышат


Беларустун Минск шаарында 4-14-август күндөрү II КМШ оюндары өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.


Аталган мелдешке 24 мамлекеттен 4000ден ашык спортчу катышары күтүлүүдө. Кыргызстандын курама командасы спорттун 17 түрүнөн ат салышып, 200дөн ашык спортчу барары айтылды.


Анда спорттун 21 түрүнөн 1 672 комплект медаль ойнотулат. Спортчулар баскетбол 3*3, бокс, кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөш, гандбол, көркөм гимнастика, грек-рим күрөшү, каратэ-до, жеңил атлетика, мини футбол, сууда сүзүү, самбо, заманбап спорттун беш түрү, жаа атуу, тайбокс, ок атуу, оор атлетика, дзюдо, волейбол, кум үстүндөгү волейбол, кум үстүндөгү футбол жана чөп үстүндөгү хоккей боюнча күч сынашат.


Оюндардын салтанаттуу ачылыш аземи 5-август күнү Минск шаарындагы көп тармактуу "Минск-Арена" маданий-спорт комплексинде өтөт. Ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ортосундагы достукту бекемдөө менен "Дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө" макулдашууну ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн