Бүгүн, 11- июнда И. Арабаев атындагы КМУнун "Кыргыз Руху" аталышындагы чоң жыйын залында Физика- математика илимдеринин доктору, профессор, өмүрүн билим берүүгө арнаган Алиев Шаршенбек Алиевичтин 70 жылдык мааракесине арналган илимий практикалык конференция болуп өттү.
Аталган конференцияга И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Абдырахманов Төлөбек Абылович менен Окуу иштери боюнча проректор Бексултанов Жеңишбек Түнкатарович баштаган окуу жайдын жетекчилиги, Физика-математика илимдеринин доктору, Академик Бөрүбаев Алтай Асылканович баштаган көрүнүктүү окумуштуулар, агартуучу Шаршенбек Алиевдин аспиранттары, КМУнун Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы Талант Курманбек уулу баштаган агайдын бирге иштешкен кесиптештери, КМУнун башка факультеттеринин декандары, институт директорлору катышышып, кутман курак 70 жашка толуп аткан ардактуу профессорду маарекеси менен кызуу куттукташты.
Куттуктоо ээлери агайга арнаган белектерин тапшырып, бекем ден соолук, узак өмүр, илимий ишине албан ийгиликтерди каалашты.
Жыйынды университеттин Физика- математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети уюштурду.
Пикирлер (1)