Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:38
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

ӨКМде кызмат өтөгөн жоокер сабаган прапорщик камакка алынды

08.06.2022 08:48
639
ӨКМде кызмат өтөгөн жоокер сабаган прапорщик камакка алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 аскер бөлүгүндө 20 жаштагы жоокерди сабаганга шектүү аскер кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.


Белгилүү болгондой, бүгүн Аскер прокуратурасына катардагы жоокер Б.Эсенбековдун атасы Э.Смаилов арыз менен кайрылган. Анда ал 86123 аскер бөлүгүнүн контракттын негиздеги аскер кызматкери прапорщик Ж. уулу Т. карата чара көрүүнү суранган.


Аскер прокуратурасы ӨКМнын 86123 аскер бөлүгүнө текшерүү уюштуруп, натыйжада аталган аскер бөлүктүн анык мөөнөттүү аскер кызматкери Б.Эсенбеков Бишкек шаарынын 4-ооруканасына табарсыгы жарылып жаткарылгандыгы тастыкталган.


"Бул факты Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш жазык кодексинин 338-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал эми ӨКМнын 86123 аскер бөлүгүнүн контракттык негиздеги аскер кызматкери Ж. уулу Т. Кылмыш жазык кодексинин 96-беренесинин негизинде камакка алынды.


Бүгүнкү күндө Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан окуянын жагдайын жана башка жооптуу аскер кызматкерлери тарабынан анык мөөнөттүү аскер кызматкерлерине карата уставдык эрежелерин бузган фактыларын аныктөө боюнча иш чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн