Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 22 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу маалыматты аталган ведомствонун басма сөз кызматы тастыктады.
Маалым болгондой, COVID-19 инфекциясына чалдыккан кызматкерлер өлкөнүн ар кайсыл аймактарында иштешет. Учурда алардын баары медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө.
22-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 205 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 3356 учур болду. Ал эми бир суткада 3 адам каза болуп, жалпы 40 адамды түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн