Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 04:09
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

ӨКМдин Ош шаарындагы башчысы пара берип жаткан жеринен кармалды

01.06.2022 10:57
440
ӨКМдин Ош шаарындагы башчысы пара берип жаткан жеринен кармалды

Ошто ӨКМдин кызматкери пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, күн мурун Пара берүү беренеси боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында УКМКнын ыкчам кызматкерине пара берип жаткан учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Ж.Ж. кармалды.


Белгиленгендей, Ж.Ж. акчаны бийликтен аша чабуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү материалдары боюнча оң чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүү үчүн берген.


Шектүү Ош гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди. Тергөө жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн