Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ӨКМга 20 тонна кальций гипохлорит түрүндө жардам түштү (фото)

12.05.2020 09:49
959
ӨКМга 20 тонна кальций гипохлорит түрүндө жардам түштү (фото)


Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоору Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 20 тонна кальций гипохлорит түрүндө колдоо көрсөттү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


Бул колдоо өлкөнүн COVID-19 пандемиясына каршы жүргүзүп жаткан аракеттерин илгерилетүү максатындажүргүзүлүп жатат. 


Кальций гипохлорит ӨКМнын Ош облусу боюнча башкармалыгына жеткирилип берилди жана азык-түлүк дүкөндөрү, банктар, дарыканалар өңдүү эл көп чогулган объектилер жана унаа жолдорун дезинфекциялоо үчүн түштүк аймактын облустары менен шаарларына бөлүштүрүлөт.


Эскерте кетсек, ӨКМнын дезинфекциялоо иштери милдеттендирилген, иш-чаралар жөө жүрүү жана өрт өчүрүү бөлүмү менен ишке ашат. Маселен, өткөн сутка бонча 144 980 погондук метр, 9 773 м2 имараттын ичи, 65 628м2 имаратын сырты дезинфекцияланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн