Бугу 03, 2024
Убакыт: 12:34
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

ӨКМге эл аралык өнөктөштөрдөн жалпы 9 млн сомдук жардамдар берилген

03.08.2020 14:38
972
ӨКМге эл аралык өнөктөштөрдөн жалпы 9 млн сомдук жардамдар берилген


Гуманитардык жардам көрсөтүүдө эл аралык партнерлор өзүнүн чоң салымын кошушту, деп билдирди өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров онлайн брифингде.


Министр Кыргызстандагы Кызыл жарым ай улуттук коому, “Врачи без границ” уюму, БУУнун балдар уюму жана Өнүгүү программасы менен ЕККУнун өзгөчө жардамын белгиледи.

Ошондой эле, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү координациялоо боюнча топ активдештирилип, анын координациясы менен бир топ жардам көрсөтүлдү. Жалпысынан эл аралык уюмдар 9 млн сомду түзгөн жеке коргоочу каражаттар, хлор, гигиеналык каражаттар жана башка товарларды жардам катары берди. Алардын баары ӨК министрлигинин аймактык түзүмдөрүнө, ошондой эле Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы, Ички иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Мамлекеттик чек ара жана салык кызматтары мамлекеттик органдарына бөлүнүп таратылган", - деп маалымдады Замирбек Аскаров.


Мындан тышкары мамлекеттик органдар жана жеке жарандар тарабынан ӨКМге гуманитардык жардам берилүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн