Жетинин айы 30, 2022
Убакыт: 13:15
USD
84.50
85.50
EUR
88.50
89.50
RUB
1.370
1.430

KOICA Бишкек шаарына медициналык жабдууларды алуу үчүн 22 млн сом бөлүп берет

24.11.2022 16:25
60
KOICA Бишкек шаарына медициналык жабдууларды алуу үчүн 22 млн сом бөлүп берет



Борбор калаанын муниципалитетинде шаар мэри Эмилбек Абдыкадыровдун Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Джэ мырза жана Кыргыз Республикасындагы KOICA өкүлчүлүгүнүн директору Ли Джонгсу менен жолугушуусу болуп өттү.  Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Тараптар Кореянын шаарлары менен Бишкек шаарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселесин талкуулашты.


Ошондой эле, жолугушуунун алкагында борбор калаанын мэриясы менен корей агенттигинин ортосунда COVID-19 жана башка жугуштуу ооруларга туруктуулукту жогорулатуу жөнүндө эл аралык кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюу аземи болду.


Келишимдин алкагында шаардык саламаттыкты сактоо мекемелерине медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн муниципалитетке кайтарымсыз негизде 22 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт.


Жабдууларды сатып алуу жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн