Бугу 09, 2024
Убакыт: 17:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

КПЛ: Биринчи турда Бекжан Сагынбаев бомбардирлердин сап башына чыкты

16.03.2020 10:02
870
КПЛ: Биринчи турда Бекжан Сагынбаев бомбардирлердин сап башына чыкты


Кыргыз Премьер лигасынын 1-туру жыйынтыкталды. Алгачкы тур коронавируска байланыштуу күйөрмандарсыз өттү.


Оюндар Кант жана Ош шаарында 14-15-март күндөрү орун алды.


14-март күнү орун алган “Каганат” жана “Алга” командаларынын оюну 0:0 эсебинде жыйынтыкталды.


Кант шаарында “Абдыш-Ата” “Кара-Балтаны” 2:0 эсеби менен жеңди.


“Лидер” өз талаасында “Нефтчиге” 1:0 эсеби менен утулуп калды.


Учурдагы чемпион “Дордой” кышкы биринчиликтин чемпиону болгон “Илбирс” командасын 6:0 эсебинде жеңди.


Эске салсак, 6-мартта “Дордой” жана “Нефтчи” командалары 12-турдун алкагында жылдырылган оюнун ойноп, оюн коммерсанттардын пайдасына 2:1 эсеби менен жыйынтыкталган.


Бомбардирлер жарышынын “Дордойдун” оюнчусу Бекжан Сагынбаев 3 голу менен жетектеди.


Биринчи турдан кийинки турнирдик тизмек:







 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн