Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:40
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

КР Кылмыш-жаза кодексинин айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

06.08.2024 09:50
353
КР Кылмыш-жаза кодексинин айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди


Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Кылмыш-жаза кодексине, “КР Жазык кодексин, КР Жоруктар жөнүндө кодексин, КР Жазык-процесстик кодексин, КР Жазык-аткаруу кодексин, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” КР мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам КР Конституциялык сотунун 2023-жылдын 29-мартындагы чечимин аткаруу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта кармоонун мөөнөтү камакта кармоонун бир күнү эркиндигинен ажыратуунун эки күнүнө барабар деп эсептелет.

Ошол эле учурда мыйзам менен жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерге 2019-жылдын 1-январынан тартып өткөн мезгилге карата күч берүү каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн