Бугу 18, 2024
Убакыт: 00:41
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

КР Россиядагы Элчилиги кыргыз жарандарын жашаган жеринде калууга чакырат

10.05.2020 13:57
1243
КР Россиядагы Элчилиги кыргыз жарандарын жашаган жеринде калууга чакырат


Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдында түзүлгөн коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча штаб Оренбург облусунун Бузулук районундагы 10-майга карата абалы тууралуу кабарлады.


Элчиликтин билдирүүсү боюнча, социалдык түйүндөрдө Оренбург облусунун Бузулук районунда 70 кыргыз жараны бийликтин кайдыгерлигинен жолдо калгандыгы тууралуу объективдүү эмес маалыматтарды таратып жатат.


Элчилик маалымдагандай, бул жарандар Шереметьево аэропортунан Кыргызстанга Россия тараптын авиакаттамы токтотулгандыгына байланыштуу келе албай калышкан. Элчиликтин алдындагы штабдын чечими боюнча кыргыз диаспоралардын активисттери менен биргеликте аларды Москва шаарындагы Купавна хостелине жайгаштырылган. Бул жерде убактылуу жашоо акысыз уюштурулду жана бекер тамак-аш продуктылары жана медициналык кызмат көрсөтүү камсыздалган.


Штабдын жана диаспора лидерлеринин эсебинен бул жарандар бир айдан ашык жашашкан. Ошондой эле май айынын акырына чейин акысыз жашоо жана акысыз тамак-аш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп берилген. Бирок алардын Кыргызстанга кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок экени, Казакстандын өкмөтүнүн чечими менен чек ара жабылып, ал жерден өтө албай тургандыгы тууралуу расмий маалыматка карабай, орус-казак чек арасынан өткөрүү маселесин чечип беребиз деген айрым саясатчылардын убадасына ишенип, чыгып кетишкен. Алар чыкпай туруу өтүнүчүнө карабай, өз демилгелери менен өздөрүнүн каражаттарына автобус жалдап, Москва шаарынан орус-казак чек арасы аркылуу чыгып кетебиз дешкен. Бирок алар автобустардын жана таксилердин айдоочулары тарабынан Бузулук районунан чыгып, жолдо калышып, анда ары жөө кетүүгө мажбур болушкан. 


"Жыйынтыгында бул топтун лидерлери социалдык түйүндөр аркылуу видео таратып, өздөрүнүн ара жолдо калганына кыргыз өкмөтүн күнөөлөп жатат. Белгилеп кетүүчү жагдай, мындай абалга өздөрүн өздөрү туш кылып жатышат жана бүтүндөй кыргыз элине көлөкө түшүрүп жатышат. Оорулуулардын жана кош бойлуу аялдардын ден соолугу үчүн жоопкерчилик бул топтун лидерлеринде болот", - деп белгиледи штаб.


Ошону менен катар Элчилик бул адамдардын ден соолугу жана тагдырына кайдыгер карабай 7-майда Оренбург облусунун өкмөтүнө кайрылып, убактылуу жашоого жай жана тамак-аштан жардам берүүсүн суранган. Оренбург облусунун өкмөтү өз убагында сүйлөшүүгө келип, бардык кыргыз жарандарын Бузулук районундагы балдар эс алуучу лагерге Казакстан тараптын чек арасы ачылганча убактылуу жайгаштырышкан.


Бирок бул жарандардын айрым бөлүгү сүйлөшүүгө карабай, сунушталган жайга жашап турууга көнбөй баш тарткан. Буга байланыштуу Оренбург бийлиги 240 орундан турган бүктөмө орундуктары жана био дааратканасы бар 8 чатыр тигип берген. Мунун бары жергиликтүү бийлик тарабынан кайтарымсыз негизде уюштурулган жана тамак-аш маселеси чечилген. Жыйынтыгында бүгүнкү күндө 170 жаран чатырга жайгаштырылды.


Штабдан белгилешкендей, Элчилик Россиядагы кыргыз диаспорасынын лидерлери менен биргеликте элдерге финансылык жана материалдык ресурстардын жетишсиздигинен улам күнү түну мекендештердин маселесин чечүү боюнча иш алып барып жатышат.


"Өзгөчө көңүл бурчу жагдай, Россияда жашап жаткан КР жарандарынын арасында коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу дары каражаттары жетишсиз болууда жана медициналык тейлөөдөн көйгөй жаралып жатат. Учурда Россияда катталгандардын саны азайбай жатат. Ошондуктан биздин жарандар дагы Россия элиндей эле кооптуу абалда турат. Буга байланыштуу биздин жарандарды сабырдуулукка жана орус-казак чек арасына чыкпай турууга чакырабыз. Казакстан чек арасы учурда жабык. Жашап жаткан жериңиздерде калууну көптөн-көп суранабыз жана санитардык-медициналык эрежелерди туура сактоону, ошондой эле өз саламаттыгыңызга кам көрүүнү өтүнөбүз", - деп кошумчалады Элчиликтин штабы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн