Бугу 11, 2024
Убакыт: 17:03
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

КР ТИМ башчысы “Борбордук Азия – Корея Республикасы” кызматташтык форумуна катышат

31.10.2023 10:54
213
КР ТИМ башчысы “Борбордук Азия – Корея Республикасы” кызматташтык форумуна катышат


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев баштаган делегация “Борбордук Азия – Корея Республикасы” 16-кызматташтык форумуна катышат. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги форум 1-ноябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтөт.

Алдыдагы форумдун күн тартибинде логистика, саламаттыкты сактоо, экология, санариптештирүү, туризм жана билим берүү боюнча панелдик сессиялар өтөт. Бул багыттар боюнча Кыргызстан Корея менен эки тараптуу негизде да, Форумдун алкагында да жемиштүү иш алып барууда.

Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан Форумдун алдыдагы жыйынына даярдык көрүү боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп, гибрид форматында баяндамалар жана презентациялар пландаштырылган.

Форумдун алкагында эки тараптуу жолугушуулар да пландалууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн