2024-жылдын 1-3-апрелинде малайзия тараптын чакыруусу менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Малайзияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Расмий сапардын алкагында Жээнбек Кулубаевдин Малайзиянын ьышкы иштер министри Утама Хаджи Мохамад бин Хаджи Хасан жана башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулары өтөт.
Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-малайзиялык кызматташуунун учурдагы күн тартибин, ошондой эле эки тарапты кызыктыруучу көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн