Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен 4-5-февраль күндөрү Тажикстанга барат. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кулубаев тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддиндин чакыруусу менен барат.
Расмий сапардын алкагында кыргыз-тажик мамилелеринин эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн жогорку жана жогорку деңгээлде жолугушуулар пландаштырылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн